AUCA the best 2

2024-04-27

Жаңылыктар

Дзюдо федерациясын өкүлдөрүн сыйлоо аземи

Кыргызстандын улуттук дзюдо федерациясынын өкүлдөрүн салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү. Иш-чаранын алкагында Савурджан Аматов, Ислам Баялинов, Роман Кузьмин, Елена Исакова, Айзат Кадыралиевге дзюдо спортунун өнүгүшүнө кошкон татыктуу салымдары үчүн сыйланды.
 
Аталган Федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев дагы Азиянын ачык кубогунун жеңүүчүлөрүн куттуктап, Адина Кочконбаевага, Ажар Исаевага, Эржан Канатбековго Азиянын ачык кубогунда биринчи орундарды ээлегендиги үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.
 
"Сиздер тапшырманы аткарып, дагы бир жолу спорттук жогорку статусуңузду тастыктай алдыңыздар. Сиздерге мындан аркы спорттук ийгиликтерди, бакыт-таалай жана Кыргыз Республикасында дзюдонун жыргалчылыгы үчүн жаңы жаркын жеңиштерди каалайбыз"- деди федерациянын башчысы.