AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Футболчу Айдана Оторбаева паралимпиадага каражат чогултуп жатат

Кыргызстандык белгилүү футболчу, машыктыруучу жана коомдук ишмер Айдана Оторбаева паралимпиадага каражат чогултуп жатат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Ушул күндөн баштап, болжол менен 10-июнга чейин, мен өзүм Арстанбек Базаркуловго каражат чогултам. Арстанбек 2021-жылдын 24-августунан 5-сентябрына чейин Токиодо өтө турган XVI Паралимпиадалык оюндарда биринчи жеңил атлетика (атуу) лицензиясын жеңип алган спортчу.

Арстанбектин каржылык абалы оор, аялы (майыптыктын биринчи даражасы бар) жана эки кичинекей баласы, өзүнүн үйү жок, азыр боорукер кыргызстандыктар шаардын конуштарынын бирине үй салып берүү үчүн иштеп жатышат! Кайдыгер карабагандардын баарынан жардам сурайм" деп жазылат билдирүүдө.

Каражат которуу үчүн реквизиттери:

Карта Оптима Банк: 4169585343287115 (А.О.К)

Карта Демир Банк: 4215890117325933 (А.О.К)

Элсом: 0779 17 96 17 (Р.Н.)