AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

ШКУнун Ысык-Көл IX эл аралык марафонунун жыйынтыктары

Бүгүн, 15-май күнү, Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) XXII Олимпиада оюндарынын марафон боюнча коло медалынын ээси Сатымкул Джуманазаровдун элесине арналган ШКУнун «Run the Silk Road – Shanghai Cooperation Organization» Ысык-Көл IX эл аралык марафону өттү. 
Жалпысынан спорттук иш-чарага 35 өлкөдөн 3000 спортчу жана спорт сүйүүчүлөрү катышты.
 
 Кыз-келиндер жана эркектер арасында абсолюттук категорияда марафон жана жарым марафондун жалпы байге фонду 1 млн 44 миң сомду түздү. 
ШКУнун Ысык-Көл IX эл аралык марафонунун жеңүүчүлөрү жана байгелүү орун ээлери:
 
Абсолюттук категорияда кыз-келиндер арасында 42 км 195 м аралыкка чуркоо: 
1-орун – Мария Коробицкая, Кыргызстан, жыйынтык – 2:39.40, байге –  140 миң сом;
2-орун – Дарья Маслова, Кыргызстан, жыйынтык – 2:44.52, байге – 100 миң сом;
3-орун – Гульшанай Сатарова, Кыргызстан, жыйынтык – 2:46.00, байге – 70 миң сом; 
4-орун – Алена Пучкина, Россия, жыйынтык – 3:41.39, байге – 50 миң сом;
5-орун – Айдай Алмаз кызы, Кыргызстан, жыйынтык – 3:52.33, байге – 30 миң сом;
6-орун – Юлия Ли, Кыргызстан, жыйынтык – 3:56.38, байге – 10 миң сом.
Абсолюттук категорияда эркектер арасында 42 км 195 м аралыкка чуркоо: 
1-орун – Илья Тяпкин, Кыргызстан, жыйынтык – 2:27.44, байге – 140 миң сом;
2-орун – Жоодарбек Кочконбаев, Кыргызстан, жыйынтык – 2:29.50, байге – 100 миң сом;
3-орун – Шокиржон Мамейкулов, Таджикстан, жыйынтык – 2:36.58, байге – 70 миң сом; 
4-орун – Бахтиер Уткиров, Таджикстан, жыйынтык – 2:36.59, байге – 50 миң сом;
5-орун – Аман Момуналиев, Кыргызстан, жыйынтык – 2:41.11, байге – 30 миң сом;
6-орун – Суйунбек Кубанов, Кыргызстан, жыйынтык – 2:48.09, байге – 10 миң сом.
Абсолюттук категорияда кыз-келиндер арасында 21 км 097 м аралыкка чуркоо:
1-орун – Евгения Прокофьева, Украина, жыйынтык – 1:14.51,  байге – 50 миң сом;
2-орун – Сабина Талачева, Узбекистан, жыйынтык – 1:27.58, байге – 30 миң сом;
3-орун – Юлия Фернас, Кыргызстан, жыйынтык – 1:36.36, байге – 20 миң сом;
4-орун – Элиза Абдиева, Кыргызстан, жыйынтык – 1:38.24, байге – 10 миң сом;
5-орун – Айпери Разакова, Кыргызстан, жыйынтык – 1:43.34, байге – 7 миң сом;
6-орун – Виктория Шубина, Россия, жыйынтык – 1:44.40, байге – 5 миң сом.
Абсолюттук категорияда эркектер арасында 21 км 097 м аралыкка чуркоо:
1-орун – Нурсултан Кенешбеков, Кыргызстан, жыйынтык – 1:06.31,  байге – 50 миң сом;
2-орун – Бердигул Айтбай уулу, Кыргызстан, жыйынтык – 1:11.09, байге – 30 миң сом;
3-орун – Хасанджан Акбаралиев, Таджикстан, жыйынтык – 1:12.48, байге – 20 миң сом;
4-орун – Мехробджан Одинаев, Таджикстан, жыйынтык – 1:14.27, байге – 10 миң сом;
5-орун – Гайрат Олимов, Таджикстан, жыйынтык – 1:14.40, байге – 7 миң сом;
6-орун – Исламбек Махмедов, Кыргызстан, жыйынтык – 1:15.03, байге – 5 миң сом.
 
Мындан тышкары, марафондун алкагында 42 км 195 м, 21 км 097 м аралыктарда эркектер жана кыз-келиндер арасында жаш курактык категориялар боюнча (35-44 жаш, 45-54 жаш, 55-64 жаш, 65 жаштан жогору) жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында, 10 км аралыкта абсолюттук категорияда кыз-келиндер, эркектер арасында жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында жеңүүчүлөр белгилүү болуп, баалуу белектер менен сыйланышты.
Бардык жыйынтыктар менен шилтеме аркылуу таанышсаңыздар болот: http://runthesilkroad.com/.
 
Белгилей кетсек, иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Эл аралык марафон дирекциясы тарабынан өткөрүлүп жатат.
Булак: sport.gov.kg