AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Дайырбек Карыяев күжүрмөн самбо боюнча Азия чемпиону болду

Кыргызстандык спортчу Дайырбек Карыяев күжүрмөн самбо боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды.

Мелдеш Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн.

Карыяев 6-июнда 79 кг салмак категориясында күч сынашкан. Бул салмак категориясында жалпы 10 спортчу бар болчу.

Карыяев мелдешти 1/4 финалдык беттештен баштап, алгач кыргызстандык Бектур Идирисовду жеңген. Андан кийин жарым финалда өзбекстандык спортчуну уткан.

Ал эми финалдык беттеште тажикстандык спортчуну жеңип, Азия чемпиону аталды