AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Кыргызстандык спортчулар пара жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк Гран-при лицензиялык мелдешинде 3 медалга ээ болушту

Пара жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Арстанбек Базаркулов жана Адилет Камчыбеков Ноттвилде (Швейцария) 14-16-май күндөрү өткөн пара жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк Гран-при лицензиялык мелдешинде 3 медалга (2 алтын, 1 коло ) ээ болушту.
 Адилет Камчыбеков ядрону түртүү боюнча жеңүүчү аталды (жыйынтык – 10,27 м, 389 очко).  
Арстанбек Базаркулов найзаны ыргытуу боюнча алтын медаль тагынып (15,96 м, 166 очко), ядрону түртүү боюнча коло байгенин ээси болду (7,98 м, 431 очко).
 
Белгилей кетсек, параспортчулар жана башкы машыктыруучу Алмазбек Абиров Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан Ноттвилге жөнөтүлгөн.
Булак: sport.gov.kg