AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

"Ден соолук" спартакиадасы Чолпон-Ата шаарында өтөт

 21-28-июнь күндөрү Голубой Ысык-Көл санаториясында  Кыргыз Республикасынын билим берүү тутумунун билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин арасында Ден-соолук спартакиадасы өтөт. Спартакиадага жалпы билим берүүчү мектептеринин жана кошумча билим берүүчү мекемелердин кызматкерлери жана жогорку окуу жайларынын жана  аймактардан командалары катышат алат.
Бул тууралуу Мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. "Ден соолук" спартакиадасы билим берүү тутумунун кызматкерлеринин арасында дене тарбия жана спортту жайылтуу жана өнүктүрүү максатында өткөрүлүп жатат.
 
Спартакиаданын программасына төмөнкү спорттун түрлөрү киргизилген: кичи футбол, стритбол, тогуз-коргоол, стол тенниси, волейбол, шахмат, ордо. Белгилей кетсек, Ден-соолук спартакиадасы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жаштык массалык спорт жана жаштар менен иштөө дирекциясы тарабынан өткөрүлөт. Спартакиаданын расмий ачылышы 22-июнда саат 18: 00дө "Голубой Ысык-Көл" санаторийинин спорт базасында болот.