AUCA the best 2

2024-03-28

Жаңылыктар

Бишкекте ок атуу боюнча шаар биринчилиги өттү

15-майда пневматикалык куралдан жана мылтыктан ок атуу боюнча Бишкек чемпионатынын ачылышы болду. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы билдирди.

 

Турнирдин ачылыш аземинде Дене тарбия жана спорт департаментинин өкүлү Дамира Советалиевна сөз сүйлөп, ок атуунун маанилүүлүгүн жана биздин өлкөнүн кыздары дагы мелдештерге активдүү катышып жаткандыгын баса белгиледи. Ок атуу спорт федерациясынын президенти Саламат Эргешов дагы бардык катышуучуларга ийгилик каалап, чемпионатты уюштурууга көмөктөшкөндүгү үчүн баарына ыраазычылык билдирди.
 
Жалпысынан мелдешке 3 команда жана 50дөн ашык спортчулар катышты. Мылтык атуу жана тапанча атуу боюнча мелдештер 10 метр аралыкта өттү.
 
Байгелүү орундарды төмөнкүлөр ээледи: 
 
VP-6 көнүгүүсүндө (аялдар):
 
1. Анастасия Щуковская,
 
2. Каныкей Кубанычбекова,
 
3. Тумар Касмалиева.
 
 
 VP-6 көнүгүүсүндө (эркектер):
 
1. Рамазан Кадырбеков,
 
2. Александр Ким
 
3. Эльдан Айбеков.
 
 
 
PP-3 көнүгүүсүндө (аялдар):
 
1. Бактыгул Махмадова,
 
2. Регина Баязитова,
 
3. Айгерим Кенешбекова.
 
 
 
PP-3 көнүгүүсүндө (эркектер):
 
1. Александр Кошелев,
 
2. Аскат Токмоков,
 
3. Санжарбек Эркинбаев