AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Сарай айылдык кеңешинин депутаттары жеңүүчү аталды

25-сентябрь күнү Кара-Суу районунун айылдык кеңештеги депутаттарынын арасында спорттук мелдеш болуп өттү.

Бул иш чара алгачкы ирет эркектер жана кыз-келиндер арасында волейбол, футбол боюнча старт алды. Жалпы Сарай, Савай, Сары - Колот, Жоош, Кашкар - Кыштак, Катта - Талдык, Мады, Папан, Кызыл - Суу, Жаңы - Арык айылдык кеңешинин 10 команда катышты. Мелдешти өткөрүүдөгү максаты спортту өнүктүрүү менен "дени сак улут" урааны негизин түзөт. Жеңүүчүлүргө медал, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылып, Кызыл -Суу айылдык кенешинин төрагасы Марс Парпиев демөөрчүлүк салымы үчүн ыраазычылык билдиришти. 

Футбол боюнча эркетер арасындагы жыйынтык.

1 - орун Сарай а.к

2- орун Савай а.к

3- орун Жоош а.к 

4- орун Катта- Талдык а.к

Кыз-келиндер арасында волейбол боюнча жыйынтык. 

1- орун Жаңы- Арык а.к 

2- орун Мады а.к 

3- орун Курама командасы. 

Белгилей кетсек, кийинки спорттук иш чараны уюштуруу эстафетасы Кара-Суу шаардык кеңешине тапшырылды.