AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Дүйнө чемпиондугу: Бүгүн Айсулуу Тыныбекова алтын медаль үчүн күрөшөт

Айсулуу Тыныбекова Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө биринчилигинин финалына чыкты.

Мелдеш Осло шаарында өтүп жатат.

Учурдагы дүйнө чемпиону Тыныбекова 62 кг салмакка чейинки категорияда катышууда. Ал 1/8 финалда япониялык Ноноко Озаки менен беттешип, атаандашын 6:4 эсебинде жеңген.

Ал эми 1/4 финалда Беларусь Республикасынын спортчусу Вероника Иванова менен беттешип, аны таза техникалык жеңишке жетишкен.

Ал эми жарым финалда  украиналык Илона Прокопевнюкту 5:2 эсебинде жеңди.

Бүгүн, 5-октябрда Тыныбекова алтын медаль үчүн АКШнын спортчусу Кайла Миракл менен күч сынашат.