AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Ташкентте өткөн эркин күрөшү боюнча чемпионатта кыргызстандык спортчулар байгелүү орундарды камсыз кылды

Өзбекстандын Ташкент шаарында мугалимдер күнүнө карата кадеттер арасында эркин күрөш боюнча эл аралык турнири болуп өттү.
Мелдешке 600дөн ашуун спортчу катышты. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Ленин районунун дене- тарбия жана спорт башкармалыгына караштуу спорт мектебинин 4 спортчусу байгелүү орундарга ээ болду.
 
50 кг салмак категориясында:
2-орун Азим Абдыкалыков
 
46 кг салмак категориясында:
3-орун Азиз Абылкалыков
 
50 кг салмак категориясында:
3-орун Ислам Акимбаев
 
60 кг салмак категориясында:
3-орун Бекжан Кудусов