AUCA the best 2

2024-04-27

Жаңылыктар

Дүйнө чемпиондугу: Эрназар Акматалиев финалда

Кыргызстандын эркин күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.

Жарым финалдык кармашта ал россиялык Евгений Жербаев менен беттешип, 9:5 эсебинде жеңишке жетишти.

70 килограмм салмак категориясында катышып жаткан Эрназар баштапкы этапта Шри-Ланкадан келген балбанды, 1/8 финалда армениялык балбанды, ал эми чейрек финалда кыл чайнаш кармашта ирандык Эрфан Мохаммад Элахини утуп алды.