AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Дүйнө чемпиондугу: Айпери Медет кызы жарым финалда

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыкты. Ал 76 кг салмак категориясында катышууда.

 

Медет кызынын биринчи атаандашы болгариялык Мария Оряшкова болду. Айпери аны 10:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга жолдомо алган.

Жарым финалга чыгуу үчүн болгон күрөштө Медет кызы орусиялык Марина Суровцева менен ишенимдүү күрөшүп, 10:0 эсебинде жеңди.

Жарым финалда ал эстониялык спортчу Эпп Мяэ менен кез келет. 1/2 финалдык беттештер бүгүн, 5-октябрда Бишкек убактысы боюнча 20:45те башталат.

76 кг чейинки салмак категориясында:

1/8 финал

Айпери Медет кызы — Мария Оряшкова (Болгария) - 10:0

1/4 финал

Айпери Медет кызы — Марина Суровцева (Россия) - 10:0

1/2 финал

Айпери Медет кызы — Эпп Мяэ (Эстония)