AUCA the best 2

2024-04-27

Жаңылыктар

Жеңил атлетчи Дарья Маслова спорттук карьерасын жыйынтыктады

Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Дарья Маслова спорттук карьерасын жыйынтыктаганын билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактардагы баракчасына жазган.

«Мен кыргыз эли жана күйөрмандарым менен жаңылыгымды бөлүшкүм келет. Мен көпкө ойлондум жана өзүм үчүн абдан оор чечим чыгардым: менин профессионалдык карьерама чекит коюуга убакыт келди!» - деп жазган  спортчу.

Ал эми Маслова 2016-жылы Рио, 2021-ж Токио олимпиада оюндарына катышкан. Ал 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарынын алтын жана күмүш медалынын, ошондой эле улуулар арасындагы Азия чемпионатынын эки алтын медалынын ээси.

«Кыргызстанда спортту колдоо зарыл экенин айткым келет. Таланттардын ачылышына көңүл буруу керек, анткени биздин өлкөдө жеңил атлетика, сууда сүзүү, бокс ж.б тармактарда көптөгөн «бычылбаган кундуз» бар. Улуттук спорттун түрлөрү маанилүү, бирок спорттун башка түрлөрүн да унутпоо керек! Мен бир күнү мамлекет өзүнүн баатырларын, өлкөнүн патриотторун байкайт жана биз албаган колдоону көрсөтөт деп үмүт кылам», - деп жазган Маслова.