AUCA the best 2

2021-12-04

Жаңылыктар

Бүгүн кыргызстандык балбан дүйнө биринчилигинде коло медаль үчүн күрөшөт

Кыргызстандык балбан Алибек Осмонов бүгүн, 4-октябрда Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде коло медаль үчүн күч сынашат.

Осмонов кечээ, 3-октябрда күрөшүп баштаган. Ал эркин күрөш боюнча 65 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашууда.

Осмонов Франция, Бразилия, Украинанын спортчуларын жеңип, жарым финалга чыккан. Бирок жарым финалда ирандык балбанга жеңилип калган.

Коло медаль үчүн беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.