AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Дүйнө чемпиондугу: Улукбек Жолдошбеков 18 секунд аралыгында жеңишти колдон чыгарып, стартта утулуп калды

Кыргызстандык спортчу Улукбек Жолдошбеков Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда биринчи беттешинде жеңилип калды.
Ал эркин күрөш боюнча турнирге 61 килограммга чейинки салмакта катышкан.
 
1/16 финалдык беттеште Жолдошбеков монголиялык Тувшинтулга Түмөнбилег менен беттешти. Кыргызстандык беттештин бардыгында эсепти жетектеп турган эле. Мелдештин  бүтүшүнө 18 секунд калганда эсеп анын пайдасына 7: 3 болду.
 
Андан кийин монголиялык спортчу 9 секундда 4 упай топтоого жетишип, жеңишти камсыз кылган.
 
Кыргызстандык жеңилип калды, бирок ал монгол спортчусу финалга чыкса коло медаль үчүн сооротуучу турнирге катыша алат.