AUCA the best 2

2024-03-28

Жаңылыктар

Самбо боюнча дүйнө чемпионаты Ташкентте өтөт

Самбо боюнча дүйнө чемпионаты 12 -14 ноябрь күндөрү Ташкентте өтөт. Бул тууралуу Өзбекстандын самбо ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Эркектер жана кыз-келиндер арасында спорттук самбо боюнча, ошондой эле эркектер арасында күрөш самбосу боюнча болот. Мелдеш "Өзбекстан" спорт комплексинде өтөт. Бул турнирде 7 салмак категориясында жеңүүчүлөр аныктала турган биринчи дүйнө чемпионаты болмокчу.

Эркектер: 58 кг, 64 кг, 71 кг, 79 кг, 88 кг, 98 кг, +98 кг.

Кыз-келиндер: 50 кг, 54 кг, 59 кг, 65 кг, 72 кг, 80 кг, +80 кг.

Күрөш самбосу: 58 кг, 64 кг, 71 кг, 79 кг, 88 кг, 98 кг, +98 кг