AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Алибек Осмонов Норвегияда өткөн дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду

Кыргызстандык спортчу Алибек Осмонов Норвегияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду.

Ал 3-октябрда эркин күрөш боюнча мелдеште 65 килограммга чейинки салмакта башталган.

Осмонов 1/16 финалдык баскычтан баштап, Франция, Бразилия, Украинанын спортчуларын үч ирет катары менен утуп, жарым финалга чыккан эле 

Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште кыргызстандык оор күрөштө ирандык спортчуга утулуп калды.

Кечээ 4-октябрда Осмонов поляк менен финалдык 3 -орун жана коло медаль үчүн болгон беттеште кармашкан. Кыргызстандык 4: 1 эсебинде утуп, коло медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, бул медаль Кыргызстан үчүн дүйнө чемпиондугунда биринчи медаль болду.

65 кг чейин

1/16 финал

Алибек Осмонов - Марване Ахмед Езза (Фруанция) - 11: 0

1/8 финал

Алибек Осмонов - Маркос Эусли Де Брито Сикуера (Бразилия) - 12: 2

1/4 финал

Василий Шуптар (Украина) - Алибек Осмонов - 3: 5

1/2 финал

Алибек Осмонов - Амирмухаммад Бабак Язданичерати (Иран) - 4: 5

Коло үчүн дуэль

Алибек Осмонов - Кшиштоф Биенковски (Польша) - 4: 1