AUCA the best 2

2024-11-23

Жаңылыктар

Айсулуу Тыныбекова экинчи ирет Дүйнө чемпиону аталды

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча экинчи жолу дүйнө чемпиону аталды.

Ал финалдык беттеште америкалык спортчу Кайла Коллин Кийоко Миракл менен күрөшкөн.

 Жыйынтыгында 7:0 эсеби менен жеңип, атаандашына бир да мүмкүнчүлүк берген эмес.

Айсулуу турнирдин 1/8 финалынан тарта күрөшүп, алгачкы беттешинде япониялык Ноноко Озакини 6:4 эсебинде, кийин беларустук Вераника Иванованын далысын жерге тийгизип уткан. Ал эми украиналык Илона Прокопевнюкту 5:2 упай айырмасында жеңип финалга жолдомо алган эле.

Айсулуу Тыныбекова ушуну менен экинчи ирет дүйнө чемпиондугун багындырды. Ал 2019-жылы Нур-Султанда өткөн дүйнө чемпионатынан да алтын медаль уткан. Мындан сырткары Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси.

Спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат. Турнир 2-октябрда эркин күрөш балбандарынын мелдеши менен башталган. Ошондой эле 4-6-октябрда кыз-келиндер күрөшү менен уланып, 7-10-октябрь күндөрү грек-рим күрөшүнүн балбандарынын таймашы менен жыйынтыкталат.