AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Кыргызстандык спортчу Айваз Оморканов Эл аралык хоккей Федерациясынын вице-президенти болуп дайындалды

Кыргызстандык спортчу Айваз Оморканов шайба менен ойнолчу хоккей боюнча эл аралык федерациянын Азия жана Океания боюнча жаңы вице-президенти болуп дайындалды.

Шайлоо ишемби күнү Санкт-Петербургдагы IIHF конгрессинде өткөн. 68 жаштагы франциялык Люк Тардиф IIHF федерациясынын президенти болду. Ал уюмду 1994-жылдан бери жетектеп келген Рене Фазелдин ордуна келди.

Оморканов Азия жана Океания боюнча вице-президент болуп шайланды. Маалымат агенттиги менен маектешкен кыргызстандык спортчу шайлоодо жеңишке жеткени ал үчүн күтүүсүз болгонун билдирген.

"Албетте, бул жеңиш мен үчүн дагы, Рене Фазел менен атаандашым Томас Вуга дагы сюрприз болду. Азия жана Океания боюнча вице-президент болуу мен үчүн сыймык. Тилекке каршы, Азияда хоккей жакшы өнүккөн эмес, мен кызматтык мөөнөтүмдүн соңуна чейин болгон күч аракетимди жумшайм. Өз презентациямда Мартин Лютер Кингдин "Менин кыялым бар" деген кебин өз атымдан эмес, бүткүл Азиянын атынан айттым. Мен элди Азияда эмне болуп жатканына көңүл бурууга чакырып, өзгөрүүлөр керек экенин белгиледи", - деди Оморканов.