AUCA the best 2

2024-04-19

Жаңылыктар

ӨКМнын кызматкери Жакшылык Талайбеков бокс боюнча Кыргызстандын чемпионатында биринчи орунду камсыз кылды

20-24 сентябь күндөрү  Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда эркектер жана кыз-келиндер арасында бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты болуп өттү.
Чемпионатта республиканын бардык аймактарынан келген 134 спортчу күч сынашкан.
 
ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, 67 кг салмакта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаарын калкты жана аймакты коргоо башкармалыгынын улук офицери улук лейтенант ЖакшылыкТалайбеков биринчи орунда камсыз кылган.
 
Белгилей кетсек, өткөн жылдын 8-ноябрында 69 кг салмакта күрөшүп, Талайбеков бокс боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасындагы Бишкек чемпиондугунда 1-орунду ээлеген эле.