AUCA the best 2

2024-04-19

Жаңылыктар

Дүйнө чемпиондугу: Эрназар Акматалиев күмүш медаль тагынды

Кыргызстандык Эрназар Акматалиев Норвегияда өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынды.

Ал эркин күрөш боюнча турнирге 70 килограммга чейинки салмакта катышкан.

1/16 финалда Акматалиев Шри -Ланканын өкүлүн мөөнөтүнөн мурда утуш, кийинки раундда Армениянын балбанын 11: 2 эсебинде жеңген. Чейрек финалда кыргыз спортчусунун атаандашы ирандык спортчу болгон. Акматалиев катуу күрөштө жеңип, жарым финалга чыккан.

Финалга чыгуу үчүн болгон күрөштө кыргызстандык орусиялык балбан менен беттешип 8:5 эсебинде жеңишке жетишкен. Жыйынтыгында финалга жолдомо алган эле.

Бүгүн 5-октябрда чечүүчү беттеште кыргызстандык килем үстүндө Польшанын атынан чыккан дагестандык балбан менен беттешкен.

Акматалиев 1: 2 эсебинде утулуп, финалдык 2 -орунду ээлеп, күмүштүн ээси болду.

Бул медаль Кыргызстан үчүн турнирде экинчи болуп калды. Алибек Осмонов бир күн мурун коло медалга ээ болгон.

70 кг чейин

1/16 финал

Эрназар Акматалиев - Анил Каруна Пели Герада (Шри -Ланка) - 10: 0

1/8 финал

Эрназар Акматалиев - Арман Андреасян (Армения) - 11: 2

1/4 финал

Эрназар Акматалиев - Эрфан Мохаммад Элахи (Иран) - 8: 8, Акматалиевдин жеңиши

1/2 финал

Эрназар Акматалиев - Евгений Жербаев (Россия) - 8: 5

Акыркы

Эрназар Акматалиев - Магомедмурад Хажиев (Польша) - 1: 2