AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Нурбек Тойчубаев паратриатлон боюнча дүйнө кубогунда алтын медалга ээ болду

 Түркиянын Аланья шаарында паратриатлон боюнча Дүйнө чемпиондугу жыйынтыкталды. Мелдешке Кыргызстандын атынан үч спортчу катышкан. Тойчубаев өзүнүн PTS4 классында жеңишке жетишип алтын медаль тагынды.

КРнын Триатлон федерациясынан билдиргендей, PTS4 классында бардыгы болуп 6 адам таймашкан. Ошондой эле ПТВИнин азиздер арасындагы класста кыргызстандык Жалалдин Абдувалиев жана анын гиди Андрей Ханадеев 6 -орунду ээлешти. Мелдешке дүйнөнүн 12 өлкөсүнүн спортчулары катышты.