AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Балбан Акжол Махмудов жеке машыктыруучусуна Lexus GX 460 унаасын белек кылды

Токиодогу Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовго «Lexus GX 460» унаасын белек кылды. Бул тууралуу журналист Тахир Гафуров «Фейсбук» баракчасына жазган.

«Учурда Мейрамбек Ахметов Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатына калыс болуп кеткендиктен, Акжол унаанын ачкычын машыктыруучунун жубайы Күмүшкан жеңеге тапшырды», - деп жазган Гафуров.

Белгилей кетсек, Махмудов унаа үй-бүлөсүнүн атынан берилип жатканын белгилеген.