AUCA the best 2

2024-03-28

Жаңылыктар

Кыргызстандык жөө күлүк Гүлшанай Сатарова Астанада өткөн мелдеште биринчи орунду камсыз кылды

Кыргызстандык спортчу Гүлшанай Сатарова Астанада өткөн Astana Marathon 2021спорттук иш-чарасында алтын медалга ээ болду.

Сатарова аялдар арасында 42,2 чакырымды 2 саат 35 мүнөттө чуркап өткөн. Атаандашы андан 21 мүнөт артта калган.

Белгилей кетсек, Сатарова быйыл июнда Алматыдагы жарым марафондо да жеңүүчү аталган эле.

Жарышка катышкандагы бир кыргызстандык спортчу Илья Тяпкин эркектер арасында 02:24:23 убакытта келип, коло медалга ээ болду.

Марафондо Казакстандын 45 шаарынан үч миңге жакын киши чуркаган. Марафон Казакстандын 30 жылдык эгемендүүлүгүнө арналган.

Финишке жеткен ар бир спортчуга медаль, ал эми чогултулган 37 миллион теңге кайрымдуулукка жумшалган.