AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Дүйнө чемпиондугу: Айпери Медет кызы коло медаль үчүн беттешет

Кыргызстандык Айпери Медет кызы Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыга алган жок.
Ал бүгүн, 5 -октябрда 76 килограммга чейинки салмак ченинде чыгып, 1/8 финалдык баскычтан баштады.
 
Биринчи беттешинде Медет кызы болгариялык Мария Оряшкова менен беттешип, 10: 0 эсеби менен жеңишке жетип, чейрек финалда орусиялык Марина Суровцеваны ушундай эсеп менен жеңген эле.
 
 Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште кыргызстандык балбан эстониялык Эпп Мае менен беттешти. Медет кызы 3: 1 эсебинде алдыда келе жаткан, бирок акыркы секундаларда чабуулду өткөрүп жиберип, атаандашына жеңишти тартып алууга мүмкүнчүлүк берген.
 
6 -октябрда Медет кызы коло медаль үчүн күрөшөт. Анын атаандашы азырынча аныктала элек.
 
76 кг чейин
 
1/8 финал
 
Айпери Медет кызы - Мария Оряшкова (Болгария) - 10: 0
 
1/4 финал
 
Айпери Медет кызы - Марина Суровцева (Россия) - 10: 0
 
1/2 финал
 
Айпери Медет кызы - Эпп Мае (Эстония) - 3: 3, Мэйдин жеңиши
 
Коло үчүн күрөш
 
Айпери Медет кызы - атаандашы аныктала элек