AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Кыргызстандын эл аралык дзюдо академиясынын расмий ачылышы болуп өттү.

Иш -чаранын ардактуу коноктору кызыл лента кесип, ошондой эле Кыргызстандагы биринчи дзюдо Академиясынын ачылышына карата  дзюдочулардын атайын оюндарын көрүштү.
Япониянын элчиси Маэда Сигэки сөз сүйлөп, мындай машыгуу борборунун Кыргызстанда ачылышы дзюдо боюнча жогорку стандарттарга жетүү үчүн жасалган чоң кадам экенин айтты.
 
Жаш муун спорт менен, тактап айтканда дзюдо менен машыгышы керек, анткени дзюдо үйрөткөн баалуулуктар жашоо үчүн маанилүү жана биздин Улуттук дзюдо Федерациясы бул спортту өлкөбүздө жайылтуу үчүн чоң эмгек кылып жатканына сыймыктанабыз.
 
Белгилей кетсек, Академия Кыргызстандын дзюдо федерациясы тарабынан курулган.  3700 чарчы метр аянттагы Академияда сегиз татами комплекти орнотулган жана улуттук команда үчүн дагы, дзюдо менен машыгууну каалагандар үчүн дагы  бардык шарттар түзүлгөн.