AUCA the best 2

2024-04-28

Жаңылыктар

Испаниялык спортчу Кыргызстандын курама командасын машыктырат

Футзал боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп испаниялык Луис Бернат Молина дайындалды. КРдин Футзал ассоциациясынан билдиришкендей, 14-ноябрда Кыргызстандын футбол союзунун кеңсесинде келишим түзүлдү.

2024-жылдын апрель айында кыргыз курама командасы Азия кубогунун финалдык баскычында ойнойт, анын жыйынтыгында 4 мыкты команда дүйнө чемпионатына жолдомо алат.

Испаниялык адистин машыктыруучулук курамына улуттук кураманын мурунку машыктыруучусу Марат Дуванаев жана анын жардамчылары кошулат.

46 жаштагы Луис Бернат Молина буга чейин Таиланд, Япония жана Франциянын клубдарында иштеп, Вьетнам менен Таиланддын жаштар курамаларын машыктырган.

Луис Бернат Молинанын машыктыруучу карьерасы:

2015-2016 - Нант Эрдре IFC (Франция)

2016-2018 - Тулон IFC (Франция)

2018-2019 - Вьетнам жана Таиланд жаштар курамалары

2019-2022 — «Пескадола Мачида» IFC (Япония)

2022-2023 — Blueway Chonburi IFC (Таиланд)