AUCA the best 2

2024-04-29

Жаңылыктар

Бишкекте майыптыгы бар балдар арасында VIII шахмат чемпионаты старт алды

Бишкекте майыптыгы бар балдар арасында Кыргызстандын VIII шахмат чемпионатына старт алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Чемпионат 18 жаштан жогорку жаштагы майыптыгы бар адамдар (эркектер жана айымдар) арасында үч категория боюнча өткөрүлөт. Көрүү, угуу жана жалпы оорулардан улам таяныч-кыймыл аппараты бузулган майыптыгы бар адамдардын категориялары болуп бөлүнөт.

Иш-чаранын ачылышына эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова катышып, жалпы катышуучуларга ийгилик каалады.

Белгилей кетсек, чемпионат 17-20-ноябрь күндөрү өтөт. Жеңүүчүлөргө кызыктыруучу сыйлыктар жана номинациялар ыйгарылат.

Иш-чара КР Шахмат федерациясы, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана "Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр коому" коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурулууда.