AUCA the best 2

2024-04-29

Жаңылыктар

«Мектеп Лигасы»: Бишкекте бадминтон боюнча мелдеш өттү

Бишкекте спорттун 12 түрү боюнча «Мектеп Лигасы» уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, мелдештерге Бишкек шаарындагы 100дөн ашык жалпы билим берүүчү мектептер, гимназиялар жана жеке мектептер катышып, жалпысынан 15 миңден ашуун мектеп окуучулары катышууда.


Программанын алкагында 14-ноябрдан 15-ноябрга чейин бадминтон боюнча мелдештер болуп өттү. Турнирге балдардын 8 командасы жана кыздардын 8 командасы катышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча балдар арасында байгелүү орундарга ээ болушту:
1-орун – №84 орто мектебинин командасы;
2-орун – №96 орто мектебинин командасы;
3-орун – №82 орто мектебинин командасы;
4-орун – №77 орто мектебинин командасы.

Кыздар арасында:
1-орун – №96 орто мектебинин командасы;
2-орун – №102 орто мектебинин командасы;
3-орун – №84 орто мектебинин командасы;
4-орун – №59 орто мектебинин командасы.

Мелдештин бардык жеңүүчүлөрү жана байге ээлери тиешелүү даражадагы кубоктор, медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.

Мелдештерди Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти уюштурууда.