AUCA the best 2

2024-05-04

Жаңылыктар

Бишкекте баскетбол боюнча мелдеш өттү

Бишкекте спорттун 12 түрү боюнча «Мектеп лигасы» уланууда. Муниципалитеттен маалымдашкандай, мелдештерге Бишкек шаарындагы 100дөн ашык жалпы билим берүүчү мектеп, гимназия жана жеке мектептердин 15 миңден ашуун окуучусу катышууда.


Программанын алкагында 13-ноябрдан 18-ноябрга чейин баскетбол боюнча мелдештер өттү. Турнирге 19 команда катышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча балдар арасында байгелүү орундарга төмөнкү командалар ээ болушту:
1-орун – №72 мектептин командасы;
2-орун – №95 мектептин командасы;
3-орун – №40 мектептин командасы;
4-орун – №47 мектептин командасы.

Кыздар арасында:
1-орун – №95 мектептин командасы;
2-орун –Bishkek International School (BIS) командасы;
3-орун – №31 мектептин командасы;
4-орун – №102 мектептин командасы.

Мелдештин бардык жеңүүчүлөрү жана байге ээлери тиешелүү даражадагы кубоктор, медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.

Мелдешти Бишкек мэриясынын дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти уюштурууда.