AUCA the best 2

2024-04-29

Жаңылыктар

Кыргызстандык гимнасттар эл аралык турнирде жеңишке жетти

Кыргызстандын гимнастика боюнча улуттук курама командасы “Огни Енисея” мелдешине катышты. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 15-16-ноябрь күндөрү Россиянын Красноярск шаарында өттү.

Анын жыйынтыгында:

  • “Прайм” командасы 12-14 жаштагылар арасында алтын медалга ээ болду;
  • “Юниор” командасы юниорлор арасында жеңишти жетти;
  • “Гранд” командасы чоңдор арасында коло медалдын ээси болду.

Белгилей кетсек, спортчулар машыктыруучулар Элина Ратинова жана Васим Сокаринин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.