AUCA the best 2

2024-04-29

Жаңылыктар

Бишкекте шахмат боюнча "Шериктештик кубогу" мелдеши өтөт

18-ноябрда Бишкекте Шахмат боюнча ышкыбоздор арасында “Шериктештик кубогу” турнири өтөт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешти УКМК Кыргыз шахмат союзу тарабынан уюштурулуп, КР укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана жарандык коомдун өкүлдөрү арасында өткөрүлөт.

Турнир интеллектуалдык спортту, анын ичинде шахматты өнүктүрүү жана жайылтууну жакшыртуу, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы диалог үчүн бейформал аянтчаны түзүү жана мамилелерди жакшыртуу максатында өткөрүлүүдө.

Иш-чара Манас проспектиси, 16 дарегиндеги Novotel мейманканасында саат 9:00дө башталат.