AUCA the best 2

2024-04-29

Жаңылыктар

ӨКМдин кызматкери пауэрлифтинг боюнча дүйнөдө биринчи болду

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери Тилек Арапбаев 16-19-ноябрда Бишкекте өткөн пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпионатында биринчи орунду алды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, Арапбаев ӨКМ Ош облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Суу району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицер-майору.

ӨКМ кызматкери 67.5 кг салмакта катышып, жыйынтыгында 1-орунга ээ болду. Анын чемпионатка катышуусун Кара-Суу райондук ӨКБ башчысы Сүйүн Осмонов өзү колдоого алып, демөөрчүлүк көрсөткөн.

ӨКМдин өздүк курамы Тилек Арапбаевлди жеңиши менен куттуктап, мындан ары да чоң ийгиликтерди каалайт.