AUCA the best 2

2024-04-29

Жаңылыктар

Бишкекте бадминтон боюнча шаар чемпионаты өтөт

Бишкекте кыздар жана эркектер арасында бадминтон боюнча шаар чемпионаты өтөт.



Муниципалитеттен билдиришкендей, спорттук иш-чараны шаар мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери департаменти Кыргызстандын Бадминтон сквош федерациясы менен биргеликте уюштурууда.

Мелдештер беш категорияда жүргүзүлөт: эркектер, аялдар жана жуптар арасында.

Чемпионат Чыңгыз Айтматов проспектиси, 1а дарегинде 19-ноябрда саат 09:00дө башталат. Кирүү акысыз.