AUCA the best 2

2024-04-29

Жаңылыктар

Бишкекте фехтование боюнча өлкө чемпионаты өттү

Бишкекте күн мурун фехтование боюнча Кыргызстандын чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген 50дөн ашык спортчу катышты. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Кыз-келиндер арасында:
1-орун — Камила Абдылхамитова;
2-орун — Алия Мамырова;
3-орун — Мария Перелюбская;
3-орун — Екатерина Геттуева.

Эркектер арасында;
1-орун — Жоодат Эсеналиев;
2-орун — Илим Батытбек уулу;
3-орун — Назар Маткеримов;
3-орун — Даанышман Жумабай уулу.