AUCA the best 2

2024-04-29

Жаңылыктар

Кыргызстандык дзюдочулар "Токио Гранд Слам-2023" мелдешине катышат

Дзюдо боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Япониянын Токио шаарында өтө турган Токио Гранд Слам 2023 мелдешине катышат. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 2-3-декабрь күндөрү өтөт.

Курама команданын тизмеси:

- 60 кг – Ханболот Ырысбеков;
- 66 кг – Кубанычбек Айбек уулу;
- 73 кг – Чыңгызхан Сагыналиев;
- 81 кг – Арсений Кладнов;
- 81 кг – Асад Масабиров;
- 90 кг – Эрлан Шеров;
- Абдужалил Юнусов, башкы машыктыруучу;
- Сергей Кладнов, улук машыктыруучу.

Белгилей кетсек, улуттук курама команда андан ары 11-декабрга чейин Токио шаарында эл аралык окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт.