AUCA the best 2

2024-05-04

Жаңылыктар

Осмоналиевдин 70 жылдык маарекесине арналган эл аралык мелдеш аяктады

Күн мурун Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда оор атлетика боюнча ХХХV эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Мелдеш оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, Европанын эки жолку жана Олимпиада чемпиону, СССРдин эмгек сиӊирген спорт чебери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген машыктыруучусу, III даражадагы «Манас» орденинин ээси Каныбек Осмоналиевдин 70 жылдык мааракесине арналган.

24-ноябрда старт алган мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Нидерландыдан келген спортчулар катышты.

Жеңүүчүлөргө тиешелүү дарадажадагы дипломдор, атайын статуэтка жана медалдар тапшырылды. Ошондой эле, Сергей Денисенко абсолюттук чемпион аныкталып мелдештин алтын курун тагынды.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Эркектер арасында:
55 кг
1-орун Эрнис Бактыбеков (Ынтымак);
2-орун Бекбол Сарпашев (Талас РСК);
3-орун Турдубек Калыбеков (РСК).
61 кг
1-орун Эрбол Сарпашев (Талас РСК);
2-орун Эрбол Ансамурат уулу (Алматы);
3-орун Азизбек Болтаев (Өзбекстан).
73 кг
1-орун Сергей Денисенко (Ынтымак);
2-орун Кубанычбек Маратбеков (Ытнымак Талас);
3-орун Нурчолпон Нурланбек уулу (Бишкек).
81 кг
1-орун Дилмурат Курбанахун уулу;
2-орун Рыскелди Алишеров;
3-орун Азамат Жайлообек уулу;
67 кг
1-орун Асадбек Мамытахунов (Токмок);
2-орун Талант Туратбеков (Бишкек);
3-орун Раун Ауес хан (Жамбыл).
89 кг
1-орун Достон Бекпулатов (Өзбекстан);
2-орун Тургунбек Шаршеев (РСК);
3-орун Айтегин Жолдошкулов (Бишкек).
96 кг
1-орун Хожиакбар Олимов (Өзбекстан);
2-орун Александар Московцев (Ош);
3-орун Нурмухамед Касенов (РСК).
102 кг
1-орун Нуржан Кеңесбек (РК Алматы);
2-орун Эрбол Эрмек уулу (РСК);
3-орун Муканбет Миназаров (Бишкек);
109 кг
1-орун Едил Асхаров (Алматы);
2-орун Олег Шептунов (РСК);
3-орун Ильхам Кадырахунов (Бишкек).
+109 кг
1-орун Элдар Төлөмүшов (РСК Ысык-Көл).

Кыз-келиндер арасында:
45 кг
1-орун Айпаша Козлова (Ош шаары);
2-орун Айдай Амангелдиев (Ош шаары);
49 кг
1-орун Тумара Жапарова (Ысык-Көл);
2-орун Жайкал Кайымова (Ынтымак КТУ Манас);
55 кг
1-орун Шынар Жапар (Жамбыл);
2-орун Инсана Рашидова (Шымкент);
3-орун Айдай Курбанбек кызы (Бишкек шаары);
59 кг
1-орун Раушан Сүйинбек (Жамбыл );
71 кг
1-орун Айганым Жанболат (А-Атинск);
2-орун Бибинур Ысманова (Шымкент).
76 кг
1-орун Татьяна Мельниченко (Бишкек шаары).
81 кг
1-орун Мита Овервлиет (Нидерланды).
87 кг
1-орун Галина Куслина (РСК).
+87 кг
1-орун Сагыныш Атабай (Мангыстау КР).