AUCA the best 2

2024-05-04

Жаңылыктар

Кыргызстандык кикбоксчулар Дүйнө чемпионатында үч коло утту

Кыргызстандын кикбоксинг боюнча курама командасынын мүчөлөрү Дүйнө чемпионатында үч коло медаль тагынышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Мелдеш Португалиянын Албуфейра шаарында 17-25-ноябрь күндөрү өткөн. Ага 70 өлкөдөн келген 573 спортчу катышкан.

Фулл-контакт боюнча 91 кг чейинки салмакта Куан Абдыраимов, лоу-кик боюнча 91 кг чейинки салмак категориясында Нурлан Токтобакиев жана кик-лайт түрү боюнча 63 кг чейинки салмакта Мирбек Сүйүнбаев коло медалга ээ болушту.