AUCA the best 2

2024-04-29

Жаңылыктар

Кыргызстандык жаш дзюдочулар Азия чемпионатында алты медаль жеңди

Кыргызстандын дзюдо боюнча жаштар курама командасы Ташкент шаарында (Өзбекстан) өткөн Азия чемпионатында 6 медаль жеңди. Анын ичинде 1 алтын, 3 күмүш жана 2 күмүш. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Кыздар арасында 63 кг чейинки салмакта Адина Көчкөнбаева алтын медалга ээ болсо, 78 кг чейинки салмак ченинде Шахида Нармухамедова жана +78 кг чейинки салмакта Акмаржан Турдажиева күмүш медалга ээ болушту.

Ошондой эле 57 кг салмакта Жанар Жолдошева жана 70 кг чейинки салмакта Сауле Алмазова коло медалга ээ болушту.

Балдар арасында +100 кг салмакта Эмирхан Жолдошказиев күмуш медаль тагынды.

Белгилей кетсек, дзюдо боюнча жаштар курама командасы жалпы командалык эсеп боюнча 3-орунду ээледи.