AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Денис Петрашов Дүйнө чемпионатында 10-орунду ээледи

Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов Орусияда өткөн сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатында 10-орунга ээ болду.

Кечээ 28-октябрда Казань шаарында (Орусия) дүйнө чемпионатынын төртүнчү этабы башталды.

Мелдештин биринчи күнүндө кыргызстандык 100 метр аралыкты сүзүп өткөн. Экинчи жарышта Петрашов 58,56 секунд көрсөткүч менен 4-орунга ээ болуп, финалга чыга алган жок.

Жыйынтыктоочу протоколдо кыргызстандык 10-орунду ээледи.

Бүгүн, 29-октябрда Петрашов 50 метр аралыкты сүзүп өтөт.