AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Эрлан Шеров Баку Гран-присинде 5-орунду ээледи

Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Азербайжанда өткөн эл аралык мелдеште 5-орунга ээ болду.

Гран-при сериясы боюнча турнир Бакуда өттү.

Шеров 1/8 финалдан баштап 90 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан. Алгачкы беттеште кыргызстандык австриялыкты жеңип, андан кийин япониялык спортчуга жеңилип калган.

Кайталоо раунддун биринчи айлампасында Шеров азербайжандык балбанды жеңип, бирок финалдык 3-орун жана коло медаль үчүн күрөштө Грузиядан келген дзюдочуга утулуп калган.

Мындан сырткары 73 килограммга чейинки салмак ченинде Эртур Турдубаев чейрек финалда утулуп, финалдык 7-орунду ээледи.

Байбол Саламат уулу менен Кубанычбек Айбек уулу старттык кармашта жеңилип, медалдар үчүн күрөштөн чыгып калышты.