AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Грепплинг боюнча дүйнө чемпионатында Төрөхан Багынбай уулу күмүш медаль тагынды

Грепплинг дүйнө чемпионатында "Gi" дисциплинасы боюнча 77 кг салмак категориясында катышып жатат Төрөхан Багынбай уулу күмүш медаль тагынды. Ал финалдык беттеште Испаниялык балбан Фернандо Николас Медина Вернерге каршы күрөшкөн. Жыйынтыгында 3:2 эсебинде атаандашынын пайдасына чечилди. 

Спорттчу буга чейин үч беттеш өткөргөн. Багынбай уулу алгач Оруссиялык балбан Гажи Хархаров каршы күрөшүп 3:3. Жеңиш Төрөханга берилген. Ал эми экинчи бөлүгүндө Төрөхан Багынбай уулу Армения балбанын Хачатур Тамарянды 7:2 эсебинде утуп алды. Ошондой эле үчүнчү бөлүгүндө Төрөхан Казакстандан келген спорттчу Адлан Мадаевди 4:2 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алган эле.

 

Мындан сырткары 84 кг салмак категориясында күч сынашкан Абдурахман Муртазалиев коло медалт тагынса, Диас Керимбаев 66 кг салмак категориясында алгачкы беттеште утулуп, медалдар үчүн күрөштөн чыгып калган. Ал эми Элзира Кадыралиева (57 кг чейин) турнирде эки беттеште тең утулуп, финалдык 5-орунду ээледи.