AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Жөө күлүк Гүлшанай Сатарова Самарканда өткөн марафондо биринчи орунду камсыз кылды

Кыргызстандык жөө күлүк Гүлшаной Сатарова Өзбекстанда өткөн Samarkand Half Marathon жарым марафондо биринчи орунду камсыз кылды.

Аталган спорттук иш-чара Самарканд шаарында өткөн.

Сатарова жыйырма бир чакырымды 1 саат 15 мүнөт 46 секундда багынтып биринчи орунду алып, баш байгеге 12 миллион сум (95 миң сом) акчалай сыйлык берилген.

Белгилей кетсек, бул кыргызстандык жөө күлүктүн алгачкы жеңиши эмес. Буга чейин ал Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн Astana Marathon 2021 иш-чарасында да алтын медаль уткан. Андан тышкары Алматы шаарындагы жарым марафондо жеңүүчү болгон.