AUCA the best 2

2024-04-23

Жаңылыктар

Эрлан Шеров БАЭде өткөн турнирде 5-орунду камсыз кылды

Кыргызстандык спортчу Эрлан Шеров БАЭде өткөн дзюдо боюнча турнирде 5-орунду ээледи.

Абу-Дабиде (БАЭ) Чоң шлем сериясынын кезектеги турнири өтүүдө.

90 килограммга чейинки салмак ченинде 15 спортчу күч сынашып, Кыргызстандын атынан Эрлан Шеров катышкан.

Кыргызстандык спортчу 1/8 финалдан баштап, орусиялык Эльдар Аллахвердиевди жеңип, чейрек финалда франциялык Фрэнсис Дамьени жеңди.

Жарым финалда Шеров алтын үчүн Тажикстандын өкүлүнө утулуп, коло медаль үчүн күрөштө Тажикстандын дагы бир өкүлүнө жеңилип, финалдык 5-орунду ээледи.

Ошондой эле бул турнирге Кыргызстандан дагы 3 спортчу катышып, алар алгачкы баскычта жеңилип, медалдар үчүн күрөштөн четтеп калды.