AUCA the best 2

2024-04-16

Жаңылыктар

Кытайда 2022-жылкы Олимпиада оюндарынын медалдардынын үлгүлөрү көрсөтүлдү

2022-жылкы өтө турган Кышкы Олимпиада оюндарын («Пекин-2022») уюштуруу комитети оюндарынын медалдардын дизайнын көргөздү. Бул тууралуу Пекин-2022 уюштуруу комитетинин сайтына жарыяланды.

Медалдардын алдыңкы бетинде беш олимпиадалык шакекче жайгаштырылган, алардын айланасында англис тилиндеги спорттук иш-чаранын толук аталышы - XXIV Пекин 2022 кышкы Олимпиада оюндары, ошондой эле булут жана кар бүртүкчөлөрүндөгү оюу түшүрүлгөн.

Мындан сырткары асман, жер жана адамдын ортосундагы гармониянын салттуу кытай философиясын чагылдырган беш концентрдүү шакекти көрүүгө болот. Арткы бетинде Пекин кышкы Олимпиадасынын эмблемасы жана кытай тилиндеги оюндардын аталышы жазылган.

Эмблеманы курчап турган шакекчелерде 24-кышкы Олимпиада оюндарынын урматына 24 чекит чегилген. Пекин-2022 уюштуруу комитети Паралимпиадалык оюндардын жеңүүчүлөрүнө ыйгарыла турган сыйлыктардын дизайнын да көргөздү.

XXIV Кышкы Олимпиада оюндары 2022-жылдын 4-20-февралында Пекинде өтөт.