AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Тыныбекова баш болгон балбандарга Таласта сый көрсөтүлдү

Кечээ 27-октябрда, Токио Олимпиадасында ийгилик жараткан балбандар менен машыктыруучулар Таласка чакырылып, аларга сый көрсөтүлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Спортчу, машыктыруучулар аймакка өлкө башчысынын облустагы өкүлү Бакытбек Нарбековдун чакыруусу менен келишкен. Коноктор Манас атанын күмбөзүнө зыярат кылып, Талас шаарынын борбордук аянтында уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышкан. Мындан сырткары "Семетейдин Таласка келиши" театралдык оюну тартууланды.

"Нарбеков облустук казынадан балбандар Мээрим Жуманазарова, Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Айпери Медет кызы, Жоламан Шаршенбековдун ар бирине 70 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырды. Мындан сырткары эмгек сиңирген машыктыруучулар Хаким Махмудов, Нурбек Изабеков, Мейрамбек Ахметов, Чынарбек Изабековго ар бирине 50 миң сомдон берилди. Кыргыздын каада-салтына ылайык алардын ар бирине чепкен жаап, тебетей кийгизди", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми грек-рим күрөшү боюнча эмгек сиңирген машыктыруучулар Азат Эркимбаев, Улук Карачолоковго жана спортчулар Атабек Азисбеков жана Үзүр Жусупбековго 30 миң сомдон акчалай сыйлыктар берилди.

Ошондой эле спортчулардын ата-энелерине 15 миң сомдон акча, баалуу белектер ыйгарылды. Иш-чара республикалык жана жергиликтүү маданият кызматкерлеринин концерттик программасы менен коштолду.