AUCA the best 2

2024-04-19

Жаңылыктар

Улуттук олимпиада комитетинин аткаруу комитети жыйын өткөрдү

Кечээ 15-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитетинин Аткаруу комитетинин отуруму болуп өттү.

Жыйында 2017-2020-жылдардагы ишмердүүлүк боюнча УОКтун башкы катчысы Саламат Эргешов баяндама жасады.

Күн тартибиндеги экинчи маселеге ылайык, комитетке жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу планы каралды. Башкы ассамблеянын жыйынында төрт жаңы федерация кабыл алынаары белгилүү болду. Алар: шорт-трек (президенти Айваз Оморканов), текбол (президенти Чолпонбек Жумашүкүров), жиу-житсу (президенти Абдурахманхажи Муртазалиев) федерациялары жана Допингге каршы улуттук борбор.

Жыйындын соңунда Башкы ассамблеянын жыйынын 25-ноябрда өткөрүү чечими кабыл алынды.