AUCA the best 2

2024-04-23

Жаңылыктар

Кыргызстандык спортчулар Азия жана Океания ачык мелдешинде жеңишке жетишти

Кыргызстандык спортчулар Хайитхон Хусан кызы жана Маматибраим Суранов парадзюдо боюнча Азия жана Океания ачык мелдешинде байгелүү орундарды ээледи. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.
Мелдеш  Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өтүп жатат.
"Парадзюдо боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Хайитхон Хусан кызы 52 килограмм салмак категориясында күмүш медалга ээ болду. Ал эми эркектер арасында 66 килограмм салмакта Маматибраим Суранов коло байгенин ээси болду", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, спортчулар башкы машыктыруучу Канат Имияновдун жетекчилиги алдында турнирге катышты.