AUCA the best 2

2024-05-09

Жаңылыктар

Sports Awards-2021: Жеңүүчүлөр аныкталды

Буга чейин кабарлангандай, 1-декабрда VII Sports Awards салтанаты өтүп, Кыргызстандын мыкты спортчулары жана спорт ишмерлери сыйланды.

Иш-чара Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында орун алды. Алгач номинацияга кирген сопртчулар кызыл килемден басып, концерттик залга көрүүчүлөрдүн шаңдуу кол чабууларынын астында киришти. Сыйлоо кечесин КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов ачып, өтүп бараткан жылдагы ата мекендик спортчуларыбыздын бийик жетишкендиктерин белгиледи. Спортчуларды куттуктап КРнын Мамлекеттик Катчысы Сүйүнбек Касмамбетов келди. Ал өз сөзүндө кыргыз спортунун бай тарыхына токтолуп, чоң жеңиштерден уучубуз кур эмес экенин эске салды. Сыйлыктын негиздөөчүсү Динара Орозбаеванын спортту өнүктүрүүдө жасап жаткан активдүү иш-аракеттери бааланып, ага “Дене тарбия жана спорттун отличниги” наамы тапшырылды.

Кече концерттик программа менен коштолду. Спортчуларды куттуктап Гүлнур Сатылганова, Замир Мырза, Омар, жана Бек Исраиловдор өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ал эми Кыргыз улуттук филармониясынын “Камбаркан” жана “Ак-Марал” ансамблинин, ошондой эле Карамолдо Орозов атындагы Мамлекеттик академиялык эл-аспаптар оркестринин концерттик номерлери кечеге өзгөчө көрк кошту.

Салтка айланган Спорттук Оскар сыйлыктары да көрүүчүлөрдү кайдигер калтырган жок. Ал эми алпаруучулук кызматты Айгүл Курманова менен Манас Алыкулов аркалашты.

Эверест чокусун багынткан Эдуард Кубатов “Атайын сыйлыкка” татыды. Көп жылдар бою КРнын Күрөш федерациясы менен Улуттук олимпиада комитетин жетектеп, кыргыз балбандарынын ийгиликтерине шарт түзүп берген Шаршенбек Абдыкеримовго “Мыкты меценат” наамы тапшырылды.

Номинациялар боюнча жеңүүчүлөрдүн тизмеси менен таанышып алыңыздар:

Интернет-добуш берүү жана Эксперттик комиссиянын тандоосунун негизинде:

Улуттук спорт түрлөрү боюнча Мыкты спортчу – Ынтымак Мурадил уулу (Салбуурун)

Улуттук спорт түрлөрү боюнча Мыкты машыктыруучу – Нурлан Молдакунов (Салбуурун)

Паралимпиадалык спорт түрлөрү боюнча Мыкты спортчу – Арстанбек Базаркулов (Пара атлетика)

Сурдлимпиадалык спорт түрлөрү боюнча Мыкты спортчу – Илгиз Каналбек уулу (Дзюдо)

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча Мыкты спортчу – Болот Азамат уулу (Пара кол күрөш)

Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча Мыкты спортчу – Акжол Махмудов (Грек-рим күрөшү)

Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча Мыкты спортчу айым – Айсулуу Тыныбекова (Кыз-келиндер күрөшү)

Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча Мыкты машыктыруучу – Руслан Маджинов (Эркин күрөш)

Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча Мыкты спортчу – Бей-Барс Анарбеков (Белбоо күрөш)

Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча Мыкты спортчу айым – Самара Абдумалик кызы (Самбо)

Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча Мыкты машыктыруучу – Азамат Казакбаев (Самбо)

Жыл жаңырыгы – Эрназар Акматалиев (Эркин күрөш)

Мыкты ММА чебери – Алтынбек Мамашев

Мыкты улакчы – Нуржан Мелисбек уулу

Уюштуруу комитетинин чечиминин негизинде:

Атайын сыйлык – Эдуард Кубатов

Мыкты меценат – Шаршенбек Абдыкеримов.