AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

47 медалга ээ болгон спор мектеби

Р.Санатбаев атындагы спорт мектебинин командасы «Жолборс» спорт клубунун кубогу үчүн WT боюнча бешинчи ачык эл аралык таэквондо турниринде жалпы командалык 1-орунду ээледи. Бул тууралуу машыктыруучу Азим Тажибаев билдирди.

Мелдеш 24-октябрь күнү “Sun City” спорт комплексинде өттү. Турнирге Бишкек шаарынан, Чүй облусунан, Токмактан, Ош шаарынан 450гө жакын спортчулар жана Казакстандан (Алматы) спортчулар катышты. Клубдун спортчулары 20 алтын, 12 күмүш жана 15 коло медалга ээ болду.